Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:21

Пайзуллабек Рахмановдун соту уланат


Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв агенттигинин мурдагы башчысы Пайзуллабек Рахмановдун ишин кароо уланат. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева “Азаттыкка” маалымдады.

Пайзуллабек Рахмановго Бишкектин Свердлов районунун акими, Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв агенттигинин жетекчиси болуп турганда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген” деген күнөө коюлган. Анын үстүнөн соттук жараян 30-апрелде башталган болчу.

“Ак жол” партиясынын активдүү мүчөсү, мурунку президент Курманбек Бакиевдин жакын адамдарынан бири саналган Рахманов 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин сыртка чыгып кеткен. Жаңы бийлик ага эл аралык издөө жарыялап, 2012-жылдын 15-июнунда Казакстандын Жамбыл облусунан кармалган. Анын жанынан Пазыл Ташбаев аттуу Беларустун жаранына таандык жасалма паспорт табылган. Рахманов Казакстандан Кыргызстанга 29-январда алынып келген болчу. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG