Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Максим Бакиев райсоттун чечими боюнча доо арыз жолдоду


Максим Бакиев Биринчи май райондук соттун чечимин жокко чыгаруу боюнча Бишкек шаардык сотко арыз жолдоду. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы маалымдады.

Мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу мамлекеттик жооптуу кызматта турганда коррупцияга аралашкан, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген келишим түзгөн деген айып менен ушул жылдын март айында 25 жылга сыртынан соттолгон.

Жакында эле АКШ Максим Бакиевге каршы козголгон кылмыш ишти токтоткон. Кошмо штаттарында ага баалуу кагаздарга байланыштуу көз боёмочулук кылган деген айып тагылган эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG