Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:46

Башкы прокуратура талоончулук боюнча кылмыш ишти жандантты


Башкы прокуратура Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Болот Шердин билдирүүсүнө байланыштуу комментарий берди.

Ага ылайык, Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиевдин жаңы жүйөөсү боюнча 2010-жылы апрель окуяларындагы талап-тоноочулукка байланыштуу мурда токтотулган кылмыш иши 21-майда кайра жанданды. Ошондой эле тергөө тобунун курамы өзгөрдү.

Башкы прокуратура парламенттеги "атамекенчи” депутаттарга талоончулук боюнча кылмыш иш козгобогонун, алар кылмыштуу аракеттерге барган эмес деген чечим жокко чыгарылбаганын белгиледи.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Болот Шер Башкы прокуратура талап-тоноочулук боюнча ага кылмыш иш козгогонун айтып чыккан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG