Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Сузак: барпылыктар Камчыбек Ташиевди Кыргыз эл баатырлыгына көрсөтүштү


УКМКнын тергөө абагында кармалып турган "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев төрөлүп-өскөн Барпы айылында болуп өткөн жыйында ушундай чечим кабыл алынды. Ал чечимди колдоо өтүнүчү менен президент Алмазбек Атамбаевге жана Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековго кайрылуу жиберилгенин Барпы айылдык кеңешинин депутаты Дөөлөтбек Эргешов билдирди.

Айыл тургундары Камчыбек Ташиев 2010- жылы июнь айында элдин ынтымагы менен биримдигин сактап калганы үчүн жогорку наамга татыктуу деген пикирде. Мындан мурдараак, 4- майда Барпы айылдык кеңешинин сессиясы Камчыбек Ташиевдин эстелигин айыл өкмөтү жайгашкан имараттын маңдайына тургузуу чечимин кабыл алган.(YA)

XS
SM
MD
LG