Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:10

АКШ Иранда эки талапкер шайлоодон четтетилишин сындады


Кошмо Штаттар Иран бийлигин президенттикке эки талапкерди четтеткендиги үчүн сындады. Мурдагы президент Акбар Хашеми Рафсанжани жана азыркы президент Махмуд Ахмадинежаддын жакын адамы Эсфандияр Рахим Машаи Революция сакчыларынын кеңеши тарабынан бекитилген тизмеге киргизилбей калды. 700 кишинин арасынан 14-июнда өтчү шайлоодогу бюллетендерге 8 талапкерге гана орун берилди. Аналитиктердин айтымында, жактырылган кандидаттардын көбү Жогорку лидер Аятолла Али Хаменеиге лоялдуу эскичил саясатчылар.

АКШ Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Патрик Вентрелл Тегеран бийлигин ирандыктарга эркин шайлоо мүмкүнчүлүгүн берүүгө үндөдү. Сакчылар кеңеши Иран элинин эмес, "режимдин кызыкчылыктарын коргойт” деп ойлогон талапкерлерди жактырды, - деди Вашингтондун өкүлү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG