Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:37

“Пусси Райоттун" абактагы мүчөсү ачкачылык жарыялады


“Пусси Райот” тобунун мүчөсү Мария Алехина судья анын сотко түз катышуусуна уруксат бербей койгондон кийин ачкачылык жарыялады. Сот жыйынында Алехинаны шарттуу түрдө эрте бошотуу каралмак. Березники шаарындагы сот эртең уланмакчы.

Ага чейин сот адвокаттардын прокурорду, судьяны алмаштыруу жана айыпталуучунун сот залына келүүсү тууралуу арыздарын четке каккан. Алехина сотко видео аркылуу катышты. Буга чейин аны менен чогуу соттолгон Надежда Толоконникованын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу арызы канааттандырылган эмес.

2012-жылы август айында Мария Алехина, Надежа Толоконникова жана Екатерина Самуцевич Москвадагы чиркөөдө Путинге каршы панк чыгармасын аткаргандыгы үчүн 2 жылга кесилген. Самуцевичтин өкүмү кийин шарттуу кылып өзгөртүлгөн.
Укук коргоочулар панк тобуна өтө эле катаал жаза берилгенин белгилешет.

XS
SM
MD
LG