Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:43

"Азаттыктын" Түркмөнабад шаарында кармалган кабарчысы бошотулду


"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Түркмөнстандагы кабарчысы коё берилди. Ровшен Язмухамедов эки жума камакта отуруп чыкты. Аны эмне себептен кармап кетишкени азыр да бүдөмүк бойдон калууда.

30 жаштагы кабарчы радио менен былтыр сентябрда кызматташа баштаган жана негизинен социалдык маселелерди чагылдырчу. Өткөн аптада Европа биримдиги анын камалышына байланыштуу камтамасын билдирип, Ашхабад бийлигин журналистти кармоо себептерин түшүндүрүүгө үндөгөн. Язмухамедовдун жакындары анын Ички иштер министрлигинин карамагындагы кармоочу жайда отурганын маалымдашкан. Ал жайда уюшкан кылмыштуулук жана терроризмге байланышкан иштер боюнча шектелгендер кармалат.

XS
SM
MD
LG