Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:56

ФБР: Бостон жардыруусу боюнча суракта бир киши окко учту


АКШнын Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) Бостон жардыруусуна байланыштуу сурак жүргүзүп жаткан кезде чеченстандык бир киши окко учканын билдирди. Маалыматка караганда, 26 жаштагы Ибрагим Тодашев агрессивдүү түрдө агенттердин бирине кол салганда, ок чыккан. ФБРдин басма сөз өкүлү агент анын “өмүрүнө түздөн түз кооп туулгандыгы” үчүн ок чыгарганын билдирди. Окуя бүгүн Флориданын Орландо шаарында болгон. Атайын кызматтын агенти жеңил жаракат алды. Жергиликтүү маалымат каражаттары Тодашев Бостон марафону учурунда теракт уюштурган деп шектелген Тамерлан Царнаевдин таанышы болчу.

15-апрелдеги кош жардыруудан 3 киши өлүп, 260ка жакыны жараланган. Тамерлан Царнаев бир нече күндөн кийин полиция менен атышуу маалында каза тапкан, иниси Жохар колго түшүп, учурда абакта жатат.

XS
SM
MD
LG