Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:07

Грузиянын мурдагы премьер-министри эки ай камакта калтырылды


Грузиянын мурдагы премьер-министри Вано Мерабишвили эки ай камакта калтырылды. Ал эми аны менен кошо камалган мурдагы саламаттык сактоо министри Зураб Чиаберашвили 20 миң доллар күрөө коюп, үй камагына чыгарылды.

Мындай чечимди шейшембиде Кутаисинин шаардык соту кабыл алды. Кармалган саясатчылар кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп айыпталууда. Экөө тең президент Михаил Саакашвилинин партиясынын мүчөлөрү.

Саакашвили санаалаштарынын камалышын “саясий өч алуу” деп сыпаттады. Евробиримдиктин тышкы саясат комиссары Кэтрин Эштон жана биримдикти кеңейүү маселелери боюнча комиссар Штефан Фюле Грузин өкмөтүн кылмыш ишин адилет тергөөгө чакырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG