Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Сот экс-министр Равшан Сабировго жазаны күчүндө калтырды


Бишкек шаардык соту мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировду күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратуу, үй-мүлкүн мамлекетке өткөрүү чечимин быйыл 7-мартта чыгарган. Бүгүн Жогорку Сот Равшан Сабировдун арызын карап, шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды. Ал бала асыроочу эл аралык компаниядан пара алган деп айыпталууда.

Равшан Сабировдун тарапкерлери бүгүн Жогорку Соттун алдына нааразылык акциясына чыгып, сот аны жардамчысынын көрсөтмөсүнө гана таянып, далилсиз соттоп жатат деп билдиришти. Экс-министрдин жардамчысы Тахир Мирзахмедовду сот 3 жылга күчөтүлгөн тартиптеги жаза чектеди. Мурдараак бала асыроо ишине байланыштуу пара алды деген шек менен Сабировдун орун басары Гүлнара Дербишева да камакка алынып, кийинчерээк үй камагына чыгарылган. (BuS)

XS
SM
MD
LG