Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:53

Оң рулдуу айдоочулар акциясын уюштургандарга административдик иш козголду


Бул тууралуу “Азаттыкка” акцияны уюштургандардын бири, Борбор Азиядагы эркин базар институтунун аткаруучу деректири Мирсулжан Намазалиев билдирди. Анын айтымында, азыр үч адам Биринчи май райондук сотто отурат жана аларга “анча чоң эмес бейбаштык кылган” деген айып менен административдик иш козголду.

Анын алдында “Президентке белги бер!” аттуу акцияга байланыштуу Мирсулжан Намазалиев, Камил Мырзаев жана Азамат Акелеев милицияга көрсөтмө беришкен. Буга Ак үйдүн жанындагы көп кабаттуу үйлөрдүн айрым жашоочуларынын акция маалында унаалардын ызы-чуусу жолтоо болгондугу тууралуу арызы негиз болгон. Айыпталгандар акция жашоочуларга ыңгайсыздык жаратты деген дооматтарды четке кагып жатат.(EBM)

XS
SM
MD
LG