Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:13

Стокгольмдо жаштардын түнкү тополоңу уланууда


Швециянын борбору Стокгольмдо жаштардын түнкү тополоңу төрт күндөн бери токтобой уланууда. Өткөн түнү жаалданган жаштар ресторандарга от коюп, 30дан ашуун автомобилди өрттөп жиберишти. Үч полицияны жарадар кылышты. Коогалаң 13-майда көчөдө шамшарын булгап жүргөн 69 жаштагы кишини полиция кызматкери атып койгондон кийин башталган.

Бул окуя полиция адамдарды аябайт деген кеп-сөздөрдү күчөттү. Жекшембиден берки тополоңдо бир нече дүкөн, мектеп, бала бакча, полиция бөлүмү жана кол өнөрчүлөр борбору талкаланды. Кээ бирөөлөр жаштардын тополоңу жумушсуздукка жана иммигранттарга ишенбөөчүлүк менен мамиле кылууга нааразы болуудан чыкканын айтышат. Швециялыктарды катуу кыжаалатка салган тополоңду премьер-министр Фредрик Рейнфелдт “бейбашчылык” деп атады жана жаштарды тынчтанганга чакырды.

XS
SM
MD
LG