Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:59

Кэмерон жоокердин өлүмү үчүн исламды каралабоого чакырды


Премьер-министр Дэвид Кэмерондун айтымында, Британия эли терроризм менен экстремизмге каршы күрөштөгү чечкиндүүлүгүнөн жазбайт. Ал британ жоокердин өлтүрүлүшүнө байланыштуу сөзүндө бул окуя үчүн мусулмандарды жапырт каралабоону суранды жана ал үчүн кыянаттыкка барган “оорукчан инсандар” жооптуу деди:

- Бул суроо Ислам динин күнөөлөө жөнүндө эмес. Бул, албетте, Британиянын тышкы саясатын же британ аскерлерин күнөөлөө тууралуу эмес. Биздин аскерлер чет өлкөлөрдөгү операцияларда баарыбыз үчүн өз жанын тобокелге салышат. Бул үчүн жоопкерчилик - кылмыш үчүн жооптуу адамдардын акыл эсинде жатат. Алар соттолот.

Кечээ ислам ураанын чакырган эки адам Лондондун четиндеги Вулич деген райондогу аскерий барактын жанында бир жоокерди бычактап салган. Кандуу булоонго байланыштуу Кэмерон Британиянын чалгындоо кызматтарынын башчылары менен кезексиз жыйын өткөрдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG