Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:25

Экс-президент Ирандын диний көсөмдөрүн катуу сындады


Ирандын мурдагы президенти Акбар Хашеми Рафсанжани өлкөнүн диний жетекчилигин аябай сындады. Эки күн мурда диниятчылар жана юристтерден турган Көзөмөлдөө кеңеши Рафсанжанини келерки айда болчу президенттик шайлоодон четтеткен эле.

Оппозициячыл сайттар (Jaheshnews.ir, Kaleme) Рафсанжанинин өз командасынын мүчөлөрүнө: "Өлкө азыркыдай жаман башкарылган болушу мүмкүн эмес деп ойлойм” деп айткан сөзүн басты.

Байистүү саясатчы эсептелген 78 жаштагы Рафсанжанини реформачыл топтор колдоп жатышкан. Көзөмөлдөө кеңеши 14-июндагы шайлоого катышканга сегиз гана талапкер татыктуу деп тапкан. Маалыматтарга караганда, алардын дээрлик баары эскичил көз караштагылар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG