Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:20

Көңүл Акбар кызы: Жоогазындай журтум бар


Көңүлдү Стамбулдун эл аралык аэропортунда күтүп жаттым. Тбилисиден таң ата электе чыккан учак эчак конуп, саат сегизге чукулдап баратты.

Муруңку күнү телефондон кыргызча латын арибинде Стамбулга 5.45те коноорубузду жазгам.

“Insallah bende altida orda olcam” деп жооп кайтарган. Көрсө ал алдыңкы күнү күтүп, кайра кеткен экен. Бүгүн мен кат жазганда шашылып, жолго чыккан турбайбы.

Рахманкул хандын небереси Стамбулда деп Ванда экенимде уккам. Ван университетинде сабак берген иниси Фатих «Ага айтып коем, Стамбулда тосуп алат» деген. Ушул эле университетте көркөм өнөрдү окуткан атасы Акбар Кутлу да «Көңүлгө сөзсүз жолук» деп калган.

Көңүл деген атты мурда укпаптырмын. Атына заты жарашып, күлө сүйлөп, көңүлдүү жүргөн кыз экен. Кадимки эле бишкектик мода менен кийинген кыздардан айырмасы жок.

Жолдошу Куртулуш Көңүл иштеген оорукананын тез жардам бөлүмүндө врач. Мага Көңүлдүн айткандарын түркчөдөн англисчеге которуп берип турду.

Силерди кыйнап койдум окшойт десем, «Түнкү нөөмөттөн эми чыктык, бирок жер титиреген же башка кырсык болгон жерлерге барганда күнү-түнү иштөөгө көнүп калганбыз» деди.

Машинасына мингизип алып, өздөрү иштеген ооруканага алып барышты. Кесиптештери Көңүл кыргыздын белгилүү саясий жана согуштук лидерлеринин биринин небереси экенин билишпейт экен.

«Бул Памир ханынын кызы болот, кыргыз каныкеси» десем, бир чети таң кала, бир чети кызыга карап калышты. Кесиптештери арасында сыйлуу, өз киши экенин баамдадым.

31 жаштагы Көңүл чоң атасы Рахманкул элин советтерден качырып, Пакистан аркылуу тартпаган азаптарды тартып, ушул түрк жеринде үстүндө үйлүү, астында казандуу болгон жылы жарыкка келген.

«Ооган кыргыздары Түркияда азыркыдай ассимиляция болушу керекпи, же интеграция деле жетиштүүбү? деп сурадым. «Эгер менден улуурак эжемдей Памирде төрөлсөм бир жөн, киндик каным ушул жерде тамгандыктан, Түркияны мекеним деп эсептейм. Ошол эле убакта өзүм өскөн Улуу Памир айылында гана өзүмдү үйдөгүдөй сезем» деди.

Жаңы бүткөн үйдөгү эки бөлмөлүү батирде чай ичтик. Дубалда бадырайта тартылган киши боюндай жоогазындардын сүрөтүнө кол жаңсай, «Мен элимди ушул жалбырагы жок, назик жана жетим жоогазындай элестетем» деди.

Чоң атасын эскерип, аны бүгүн да сагынаарын, көз алдында дайым салабаттуу, ичинде кыпындай кири жок, боорукер адамды элестетээрин айтса, быйыл 100 жылдыгы Кыргызстанда салтанаттуу белгиленгени жаткан Рахманкул ханды көрбөй калганыма өкүндүм.

Кичи Памир кыргыздарынын жол башчысы, ооган падышасы Памир тоолорунун сакчысы катары урматтаган Рахманкул хан 1990 жылы, Көңүл он жашта экенинде кайтыш болгон.

«Элибиз атасын жоготкондой ыйлаган» деп эскерди ал күндөрдү Көңүл.

"Рахманкул хан элин качырып, ушул түрк жерине алып келди. Бүгүн анын урпактары али өз ордун таба элек, сага окшоп түрк цивилизациясынын артыкчылыктарына колу жеткендери саналуу гана бар. Калгандары кара жумушта же жалаң мал менен жүрөт. Тилин да унутуп, түрк болуп баратат. Түрктөр кыргызга тууган, ошентсе да алар өз тилинен айрылып баратат. Чоң атаң бүгүн ушуга өкүнбөйт беле?»

Kөңүл менин тил тууралуу суроомду жоопсуз калтырды, бирок башын чайкап, «Элди Памирден көчүрүп кеткени туура эле болгон. Ал жакта болсок, азыркыдай эки-үч эсе саныбыз өспөйт эле. Ал бизди тукум курут болуп кетүүдөн сактап калган» деди.

Анан көңүлүн өзгөчө өйүгөн оюн ортого салгандай, ойлуу сөзүн улантты: «Памирде кыргыздар ички дүйнөсү таза, жаратылышка жуук, шаман салтын туткан эл болгон. Бул жакка келгени көр турмуш менен акчанын артынан түшкөн материалист болуп калышты».

Улуу Памир айылына барганымда, мага айылдын эли тескерисинче, ички дүйнөсү жаш баланыкындай таза, түз сүйлөп, түз жүргөн, бүгүн балким башка эч жерде калбаган кадимки тоолук карапайым, акылман эл болуп көрүнгөн.

Унчуккан жокмун.

«Тууган күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат» дейт эмеспи. Күйгөнүнөн айтып жатат да, анын үстүнө хандын кызы өз элин өзү билет деп ойлодум.

Ошондой эмеспи?

Сүрөттө: Көңүл Акбар кызы жолдошу Куртулуш менен (Marsh Carl тарткан)

XS
SM
MD
LG