Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:56

АКШ терроризмге каршы күрөштүн жаңы багытын жарыялады


АКШ президенти Барак Обама жарыяланган жаңы багытка ылайык, өлкө үчүн туулган коркунучтарды так аныктап, учкучсуз башкаруудагы учактарды же Американын өзүндө айтылгандай дрондорду колдонуу стандарттарын мурдагыдан күчөтөт. Ошол эле учурда жарыяланган дагы бир эреже террорчу деп шектелгендерге каршы дрондордун колдонулушун чектейт.

Вашингтондогу Улуттук Коргонуу университетинде сүйлөгөн кезинде Обама террорчулукка шектелген чет элдиктер кармалган Гуантанамо түрмөсүн жабуу мүдөөсүн кайталады. Ошондой эле АКШ президенти Гуантанамодо отургандарды Йемен өлкөсүнө которууга киргизилген мораторийди жоюу чечими кабыл алынганын да жарыялады.

XS
SM
MD
LG