Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:15

“Ата Журттун” депутаттарынын соту уланат


Бүгүн Бишкек шаардык соту бийликти басып алууга аракет кылган деп соттолгон “Ата Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун доо арызын кароону улантат. Бул тууралуу депутаттардын жактоочулары маалымдады.

Биринчи май райондук соту 29-мартта Ташиев менен Жапаровду бир жарым жылга, Мамытов менен Ташиевдин үч жан сакчысын бир жылга эркинен ажыраткан. Эл өкүлдөрүнүн адвокаттары сот өкүмүнө макул болбой, экинчи баскычтагы шаардык сотко арыз менен кайрылышкан болчу.

Өткөн жылдын 3-октябрында Кумтөр боюнча нааразылык акцияда Ташиев жоон топ адам менен Ак үйдүн тосмосунан ашып өткөн эле. Депутат бул аракетинде бийликти басып алуу болбогонун билдирип келет. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG