Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:51

Базар-Коргондо балдар бакчасы ачылат


ЮСАИД уюмунун "Сапаттуу саламаттыкты сактоо” долбоору Базар-Коргондун Бешик-Жон айылындагы ден соолук комитетин эң мыкты деп тапты. Сурамжылоонун жүрүшүндө айыл тургундары кургак учук оорусу кантип жугаары жана андан сактануунун жолдорун жакшы билери анык болду. Аталган ден соолук комитетине долбоордун белектери тапшырылды.

Бешик-Жон айылында 1-июндан тарта 25 орундуу балдар бакчасы ачылат. Айыл тургундары бакчанын ижара акысы жана эмеректери үчүн өздөрү акча топтошуп, шейшеп, жууркан тыштарын өз колдору менен тигишкен.

Жалал-Абад облусунда 423 айылдык ден соолук комитети түзүлгөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG