Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

Рысалиев: Батукаевдин бошотулушуна тиешем жок


Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиев кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошошуна тиешеси бар деген айыптарды четке какты. Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциянынын депутаттарынын апрель окуясындагы талоончулук боюнча жаңы жүйөлөрү Батукаевдин иши менен байланышы жоктугун “Азаттыкка” билдирди. Президент Алмазбек Атамбаевге жолдогон каты иликтеп-териштирүү бүтмөйүнчө жарыкка чыкпашы керектигин, бирок белгисиз себептер менен ачыкка чыгып кеткенин айтты.

Ал арада “атамекенчи” депутат Асия Сасыкбаева вице-премьер-министр Шамил Атахановдон Рысалиевдин рапорту боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүнү өтүндү.

Рысалиев 14-майда Атамбаевге жолдогон катында депутаттар Туратбек Мадылбеков менен Райкан Төлөгөнов талап-тоноочулукту уюштуруп, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевдин аялын барымтага алып, ал үчүн чоң өлчөмдөгү кун талап кылганын билдирген. Мунун негизинде Башкы прокуратура талоончулук боюнча ишти кайра жандандырган. (EBM)

XS
SM
MD
LG