Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:46

Аксы: учак кыйраган жерге милициянын тергөө тобу баратат


Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов “Азаттыкка” билдирди. Нурдинов өзү да окуя болгон жерге баратканын, анын артынан облустук акимчиликтин өкүлдөрү келерин белгиледи. Облустук милиция башчысынын айтымында, кыйраган учак жеке компанияга таандык жана анда эки учкуч менен кошо химиялык дары боюнча бир адис болгон. Бул адамдар эмне болгону боюнча маалымат азырынча тактала элек.

Алдын ала маалыматка караганда, зыяндуу чегирткелерге дары чачып жүргөн АН-2 үлгүсүндөгү учак жогорку чыңалуудагы электр зымына тийип кеткен. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG