Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Александр Белунскас маалымдады.
Анын айтымында, акыркы 2-3 күндөн бери борбор калаадан “балдар жоголуп, ички органдары жок табылып жатат” деген баракчалар табылууда. Белунскас бул жалган маалымат экенин, учурда аны таркаткандар изделип жатканын билдирди:
-Мындай баракчалардан Бишкекте жана жалпы өлкөдө дестабилизация кылууну көздөгөн белгисиз бирөөлөрдүн иш-аракетин көрүп жатам. Алар муну менен милиция кызматкерлерин иштебей жатат деп айыптоодо.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы берген маалымат боюнча акыркы төрт ай ичинде 104 бала жоголуп, алардын 101и аман-эсен табылган. (ТТо)