Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:19

Башкы прокурор АКШ элчиси менен Бакиевдердин ишин талкуулады


Бүгүн башкы прокурор Аида Салянова АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен менен жолукту. Прокуратурадан маалымдашкандай, жолугушууга элчи айымдын 22-майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитететинин төрагасы Каныбек Иманалиев менен жолугушуудагы билдирүүсү негиз болгон. Анда Памела Спратлен мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары мыйзамсыз ээлеп алган каражат, мүлктөр тууралуу кыргыз тарап Кошмо штаттардын тийиштүү органдарына жетиштүү материал берген жок деп билдиргенин парламенттин маалымат кызматы кабарлган.

Салянова элчи айым менен жолугушууда АКШга Бакиевдер тууралуу беш кайрылуу жолдонгонун белгиледи. АКШ менен бул жаатта тыгыз кызматташуу керектигин айтты.

АКШ экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге каршы кылмыш ишти токтоткон. Памела Спратлен “Азаттыктагы” маегинде ага коюлган айып боюнча далилдер жетишсиз болгонун айткан. Кошмо штаттарында Максим Бакиевге “баалуу кагаздар боюнча көз боёмочулук кылды",-деген айып тагылган болчу. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG