Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:46

Кыйраган учактагы адамдардын сөөктөрү Таш-Көмүргө алынып келди


Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдиновдун “Азаттыкка” билдиришинче, учак кыйраган жерден табылган эки адамдын сөөгү толугу менен күйүп кеткен, ал эми бир адамдыкы күйбөй калган. Учурда алардын кимдигин аныктоо үчүн Таш-Көмүр шаарына алынып келди.

Нурдиновдун маалымдашынча, учак жерге күйүп кулап түшкөн, куйрук жак бөлүгү гана аман калган. “Өзбекстан менен чектеш жерде жогорку чыңалуудагы электр тогуна урунуп, кырсыкка учураган деген божомол бар. Азыр зымда учактын айрым темирлери илинип турат. Учактын дагы бир учкучу бүгүн талаа иштерине чыкпай калган экен, андан көрсөтмө алынды”, - дейт Нурдинов.

Маалыматка караганда, “Вайлор Эйр” компаниясына таандык АН-2 үлгүсүндөгү учак Аксыда кечээтен баштап зыяндуу чегирткелерге каршы дары сээп жүргөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG