Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:51

Казакстанда митингге келген журналист он беш суткага кесилди


Берик Жагипаров.
Берик Жагипаров.
Берик Жагипаровдун адвокаты “Азаттыктын” казак кызматына билдиргендей, журналист сотто уруксат берилбеген нааразылык акциясына кабарчы катары катышканын жүйө тартып, коюлган айыпты моюнга алган жок.

Полиция Жагипаровду демонстранттар менен кошо кечээ кармап кеткен.

Астандагы нааразылык акциясы шейшембиде башталган. Казакстандын ар кайсы аймактарынан насыяга турак-жай алгандар өз көйгөйлөрүнө, анын ичинде ипотекалык кредит үстөгүнүн кымбаттыгына бийликтердин көңүлүн бурууга аракеттеништи.

Бирок алардын өкмөт үйүнүн алдына чогулуусуна полиция жол берген жок. Демонстрацияны уюштурду деп шектелгендердин экөөсү бир нече күнгө абакка кесилип, экөөсүнө айыппул салынган. ( UE)

XS
SM
MD
LG