Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:26
Стокгольмдун чет райондорунун бир нечесиндеги тополоң беш түндөн бери уланууда. Түндө жана бүгүн таңга маал тогуз унаага, мектепке, полиция бекетине өрт коюлган. Адамдар арасынан жаракат алгандар тууралуу кабар түшкөн жок.

Хусбу деген райондон башталган тополоң соңку күндөрү Стокгольмдун башка райондоруна жайылып кетти. Тополоңдун тутанышына, полициянын бычак менен куралданган кары адамды жашырынган батиринен атып салышы түрткү берген.

Социологдор нааразылыктын себептери катары жумушсуздукту жана мигрант жаштардын коомдон обочолонуп жашоосун да айтышууда. Эксперттер өлкөдө байлар менен кедейлер ортосундагы ажырым күчөп кеткенин да белгилешет.

Азыркы борборчул-оңчул өкмөт 2006-жылы бийликке келгенден бери социалдык жеңилдиктер менен жөлөк пулдардын бир тобун кырккан. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG