Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:13

Мурдагы диакон Баранов Чехиядан башпаанек тапты


Чехия Pussy Riot панк-группасын коргогон орусиялык мурдакы динаятчы Сергей Барановго саясий башпаанек берди. Былтыр Тамбов епархиясы Барановдун динаятчылык макамын алып, чиркөөдө кызмат кыла албайт деп чечкен.

2012-жылы августта Pussy Riot тобунун кыздары соттолгондон кийин Баранов Орус православ чиркөөсүнүн патриархына кат жазып, ортодокс чиркөөсүнө чыгарын билдирген.

Үч кыздын экөө Надежда Толоконникова жана Мария Алёхина Москвадагы чиркөөдө президент Путинге каршы акция өткөргөнү үчүн диний жек көрүүчүлүккө үндөгөн бейбаштык кылды делип, эки жылга соттолгон. Алардын үчүнчүсү- Екатерина Самуцевич эки жылга шарттуу кесилген. Сергей Барановдун чех медиасына айтышынча, ал эми Грек католик чиркөөсүнө өткөнү жатат.

XS
SM
MD
LG