Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:37

Сот зарыл тапса, Саакашвили сурак бериши мүмкүн


Эгер Грузиянын сот органдары зарыл деп тапса, президент Михаил Саакашвили сурак бериши мүмкүн. Бул тууралуу премьер-министр Бидзина Иванишвили жума күнү журналисттер менен кездешүүдө айтты.

"Демократиялык мамлекетте президент сот алдында жооптуу болгондуктан, андан эркин боло албайт" деп түшүндүрдү Грузиянын өкмөт башчысы. Шейшемби күнү Грузиянын мурдагы премьер-министри Иване Мерабишвили жана мурдагы саламаттыкты сактоо министри Зураб Чиаберашвили өкмөттүк каражаттарды натуура сарптаган деп шектелип, камакка алынган. Чиаберашвили кийин күрөөгө бошотулган. Ал эми Мерабишвили тергөө абагында кармалууда.

Октябрдагы парламенттик шайлоодо Иванишвили башындагы “Грузия кыялы” коалициясы жеңгенден бери Саакашвилинин жакын союздаштарынын бир нечеси камакка алынган. Батыштын расмий адамдары Иванишвилинин өкмөтүн саясий жүйөдөн улам атаандаштарын камакка алгандан этият болууга чакырган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG