Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

Пакистандык учак Лондонго күчтөп кондурулду


Лондондун "Стэнстед" аэропортуна пакистандык авиалайнердин мажбур кондурулушуна байланыштуу Британ полициясы эки адамды камакка алды. Алар “Боинг-777” авиалайнеринин экипажынын өмүрүнө коркунуч жаратты деп шектелүүдө.

Лахор шаарынан келаткан пакистандык учак Манчестер шаарына конгону бараткан. Ичинде жүргүнчүлөрү жана экипажы болуп, 300дөн ашуун адам болгон. Маалыматтарга караганда, окуянын террорчулукка эч кандай тиешеси жок экен. Авиалайнер аскерий учактардын коштоосунда кондурулгандан кийин Британиянын Коргоо министрлиги алар өз милдетин аткарганын, окуяны тергөө полициянын иши экенин айтты.

XS
SM
MD
LG