Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:26

Ала-Бука: чек арага эскертүү такталар орнотулат


warning sign in Jalal-Abad Border 25/05/2013 Jalal-Abad, Kyrgyzstan
warning sign in Jalal-Abad Border 25/05/2013 Jalal-Abad, Kyrgyzstan
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Өзбекстан менен чектеш аймактарга орнотула турган эскертүү такталары жасалды. “Көңүл бургула! Мамлекеттик чек ара 50 метрден кийин!”, “Токто! Курал колдонулат!”, деген эскертүүлөр чектеш аймактагы жүздөн ашуун жерге орнотулат. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондогу 2030-чек ара отрядынын башчысы Замирбек Надирбеков билдирди.

Жазуулар ЕККУ каржылык колдоосу менен жасалды. Узуну 1,5 метрлик темир тирөөчтөргө орнотулган такталар ушул жумадан тарта орнотулат.

Ала-Бука району Өзбекстандын Наманган облусуна караштуу үч район менен 202 чакырым аралыкта чектешет. Бул жерде 12 такталбаган аймак бар. Алардын жалпы узундугу 64 чакырымды түзөт. 2012-жылы райондо чек арага байланыштуу 12 чыр-чатак катталган. (SE)

XS
SM
MD
LG