Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:25

Ошто жаңы унаа базары ишке киришет


Ош шаарында бүгүн жаңы муниципалдык унаа базары ачылат. Аянты 3 гектар базар шаарга караштуу Жапалак айылдык башкармалыгынын аймагында жайгашкан. Мурда бул жер пайдаланууга жараксыз, саздак тилке болгон. Шаар мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, базарда унаа тетиктерин сатуучу дүкөндөр, устаканалар жана тейлөө кызматтары иштейт.

Ош шаарында “Ак-Таш” акционердик коомуна караштуу унаа базары иштейт. Ишкананын кызматкерлери жаңы базардын курулушун эски базардын ишмердигине бут тосуусу деп эсептешет. Шаар жетекчилиги мында мыйзам жана укук бузуу жоктугун белгилеп келет. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG