Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:20

Айрым жергиликтүү кеңештин депутаттары кайра шайланат


Президенттин жардыгына ылайык, 26-майда бир нече жергиликтүү кеңеш үчүн шайлоо кайрадан өтөт. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ала-Бука, Оштун Араван районунун Токтогул, Кара-Суу районунун Учар жана Мамажанов, Кара-Кулжа районунун Биймырзаев шайлоо округдарында, Ысык-Көлдүн төрт, Чүйдүн беш шайлоо округунда айылдык кеңеш үчүн шайлоо болот. Баткен облусунун бир айылдык кеңеши кайра толук шайланат.

Бул шайлоо округдарында мыйзам бузулганы тууралуу арыз түшүп, териштирилип келген. Борбордук шайлоо комиссиясы иликтөөнүн жыйынтыгында ал жердеги шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарган.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Жергиликтүү кеңештерди шайлоо өткөн жылы 25-ноябрда өткөн. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG