Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

Сириянын стратегиялык Кусаир шаарында айыгышкан атышуулар болуп жатат


Мамлекеттик маалымат каражаттары өлкө президенти Башар ал-Асадды колдогон аскерлер козголоңчуларга каршы үч багытта чабуулун күчөтүп, бир топ ийгиликке жетишкенин кабарлашты. Оппозициялык козголоңчу топтор чындап эле азыр өкмөттүк аскерлер менен Ливандагы “Хезболла” куралдуу тобунун аскерлери аларга каршы бомбалоону күчөтүшкөнүн айтышууда. Хомс менен Ливан чек арасынын ортосунда жайгашкан Кусаир шаары үчүн көзөмөлдү кайтарып алуу максатында өкмөттүк күчтөр чабуулду бир апта мурун башташкан.

Сирияда эки жылдан ашуун мезгилден бери уланып жаткан урушта 80 миңдей адам өлдү.

XS
SM
MD
LG