Ливандын баш калаасындагы “Хезболла” куралдуу тобу башкарган районго эки ракета түшкөн, кеминде төрт киши жаракат алды. Бүгүн ал районго ким ракета атып жатканы азырынча белгисиз.
Чабуул Иран колдогон шийи козголоңчу тобунун, “Хезболланын” лидери Хасан Насралла Сирияда президент Башар ал-Асаддын режимин сактап калыш үчүн согушка катышып жатканын ачык жарыялагандын эртеси болуп жатат.
Ливандын мурдагы тышкы иштер министри Фуад Синиора журналисттерге сүйлөп: "“Хезболланын” кылганы, анын лидери Насралла кечээ айткан сөзү ушинтип отуруп Ливанга таасир этип жатат. Өз элине каршы курал көтөргөн Сирия режими үчүн согушка аралашуу Ливандын кызыкчылыгына туура келе турган иш эмес", - деди.