Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:11

Ооганстан: келерки жылкы шайлоого добуш берүүчүлөрдү каттоо өнөктүгү башталды


Каттоо процесси, 26-май, 2013

Каттоо процесси, 26-май, 2013

Келерки жылы апрелде өтө турган президенттик шайлоого добуш берүүчүлөрдү каттоо кечээ өлкөнүн 34 провинциясында башталды.

Бул тууралуу кабарлаган Ооганстандын Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын башчысы Фазел Ахмад Манави бийликтерди райондук борборлордо же алыскы калктуу аймактарда каттоодо иштегендердин коопсуздугун камсыз кылууга чакырды.

Шайлоого эки апта калганга чейин бул кызматкерлер өлкөдө 18 жашка эми толгон жаңы шайлоочуларды жана паспортторун жоготкондорду каттайт. Жалпысынан 4 миллионго жакын шайлоочу жөнүндө сөз болууда. Азырынча өлкөдө 16 миллиондой добуш берүүчү катталган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG