Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:06

Каннда кинофестивалдын жеңүүчүлөрү аныкталды


Калыстар тобу жекшембиде “Мыкты актриса” наамын франциялык Беренис Бежого иран режиссеру Асгар Фархадинин “Өтмүш” деп аталган тасмасында жараткан ролу үчүн ыйгарды.

Ал эми “Мыкты актер” сыйлыгына голливуддун киноардагери Брюс Дерн “Небраска” фильминдеги ролу үчүн татыды. Фестивалдын негизги байгеси – Алтын пальманы жана “Мыкты тасма” наамын лесби сүйүүсүн даңазалаган “Аделдин жашоосу” деп аталган тасма алып кетти. Баш байгеге америкалык бир тууган режиссерлор Жоел жана Этан Коен тарткан “Льюин Девистин ичинде” фильми татыктуу деп табылды. Ал эми “Мыкты режиссер” наамын мексикалык жаш режиссер Амат Эскаланте “Эли” деп аталган тасмасы үчүн алды.

Канндагы 66-кинофестиваль 15-майдан 26-майга чейин созулду, анда кинорежиссер Стивен Спилберг баш болгон калыстар тобу иштеди.

XS
SM
MD
LG