Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:53

Барак Обама торнадодон жапа чеккен Оклахомага барды


АКШ президенти өткөн жумада торнадо кыйратып кеткен Мур шаарчасын кыдырды. Бул жерде бурганак кесепетинен 24 киши, анын ичинде 10 бала каза тапкан. Шаарчага торнадо миллиондогон доллар чыгаша алып келди. Жергиликтүү тургундар менен жолугушууда Барак Обама кыйраган шаарды калыбына келтирүүгө өкмөт жардам берерин убада кылды:

-Мен бул жерге бүгүн сиздер жалгыз эмес экениңерди, артыңарда эл барын билдирүү үчүн келдим. Албетте, кыйроонун кесепеттерин жоюу оңой эмес.

20-майда Оклахоманын четиндеги 55 миң калктуу шаарга саатына 320 чакырымга чейин жеткен куюн тийген. Анын кесепетинен 377 киши жаракат алып, 12 миң чамалуу турак-жай кыйраган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG