Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:00

Керри менен Лавров Сирия маселесин талкуулашат


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жолугушуусу дүйшөмбүдө Парижде болот.

Кечээ Сириянын Тышкы иштер министри Валид ал-Муаллем эл аралык сүйлөшүүлөргө барууга даяр экенин билдирген. Бирок сүйлөшүүлөргө Сириянын жарандык оппозициясы барар-барбасы белгисиз бойдон калууда. Оппозиция мурдараак сүйлөшүүгө президент Башар Асад бийликтен кетсе гана барарын билдирген.

Сирия маселеси боюнча Парижде боло турган сүйлөшүүгө Иран катышары да арсар.

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Сирия оппозициясын куралдандырууну жеңилдетүү үчүн эмбаргону алып салуу маселесин карашмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG