Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Абактагы экс-министр ачкачылык жарыялады


Мурунку социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров бул тууралуу өзүнүн коомчулукка жана мамлекет башчыга жолдонгон бүгүнкү кайрылуусунда билдирген. Мурунку министр кайрылуусунда өзүн ак жеринен кесилдим деп баса белгилеген. Кайрылуу ээси кылбаган ишти кылды деп айыптоого өлкөнүн сот системасындагы коррупция негиз берди деп эсептейт. Сабиров өзүнө байланыштуу Жогорку сот чыгарган чечимди мамлекет башчы Башмыйзамдын кепили катары өз көзөмөлүнө алуусун жана бул боюнча көз карандысыз комиссия түзүлүүсүн өтүнгөн.

Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров чет өлкөлүк жарандарга кыргызстандык балдарды асыроого уруксат берүүдөгү коррупцияга катышы бар деген айып менен соттолуп, Бишкек шаардык соту тарабынан 5 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк Жогорку сот шаар сотунун чечимин күчүндө калтырган. Равшан Сабиров март айында Бишкек шаар кеңешинин чечимине каршы да ачкачылык жарыялаган болчу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG