Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Алайда жер көчкү унаа жолду жаап калды


Оштун Алай районунда бүгүн таңга жуук түшкөн кар көчкү унаа жолду тосуп калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, Каблан-Көл айыл аймагына караштуу Гүлчө - Каблан-Көл унаа жолунун 16-чакырымында жалпы көлөмү болжол менен 1500м³ жер көчкү түшкөн. Азыркы учурда машиналар айланма жол менен өтүүдө. Жолду тазалап, мониторинг жүргүзүү үчүн ӨКМнын атайын кызматкерлери жөнөтүлдү.

Синоптиктердин айтымында, бул күндөрү тоолуу аймактардагы жаан-чачынга байланыштуу айрым жерлерде жер көчүп, сел жүрүшү мүмкүн. (RK)

XS
SM
MD
LG