Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:09

Көлдө Кумтөргө байланыштуу митинг башталды


Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында ушу тапта 200дөй киши катышкан митинг өтүп жатат. Кабарчыбыздын айтымында, акцияны жергиликтүү жаштар уюмдары уюштурган. Кумтөр алтын кенин иштетүү Саруу айылынын тургундарынын ден соолугуна жана экологияга зыян тийгизип жатканы айтылууда. Ошого байланыштуу Кумтөрдү иштеткен компания аларга оорукана жана бекер дары-дармек берилчү дарыкана салып бериши керек деген талап айтылды.

Митингдин тынч өтүүсүнө милиция көз салып турат. Элдин талабын угуш үчүн өкмөттүн өкүлү Мирбек Асанакунов да келди.

Кумтөр алтын кенин иштеткен ишкана экологияны бузуп, мамлекетке тиешелүү салык төлөбөй жатат деген кине менен Кыргызстандын парламенти канадалык инвестор "Центерра голд" менен сүйлөшүү жүргүзүүнү өкмөткө буйруган. Буга берилген мөөнөт ушул айдын аягында бүтөт. Бирок азырынча кыргыз өкмөтү тараптан да, "Центерра" тараптан да конкреттүү сунуш же чечим боло элек. (MK/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG