Линктер

шаршемби, 26-апрель, 2017 Бишкек убактысы 20:23

Тажик президенти Бишкекке учуп келди


Тажик президенти Эмомали Рахмон Бишкекке эки күндүк расмий сапарга келди. "Азаттыкка" Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, ушу тапта тажик лидеринин учагы "Манас" аба майданына конуп жатат.

Бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Тажикстандын президентин кыргыз өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кабыл алат. Эки президент өзүнчө сүйлөшүп бүткөндөн кийин кыргыз-тажик мамлекет аралык кеңештин биринчи жыйыны өтөт. Жыйынтыгында эки тараптуу документтерге кол коюлуп, пресс-конференция уюштурулат.

Эртең, 28-майда Эмомали Рахмон Бишкектеги Өчпөс отко гүл койгондон кийин Жогорку Кеңешке барат. Депутаттар жана төрага Асылбек Жээнбеков менен жолугат. Андан соң өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушуу өткөрөт.

Ал эми түштөн кийин тажик президенти ЖККУнун жыйынына катышат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG