Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:27

Астанада кайрадан митингге чыгышты


Астана шаарында ипотека алып, үй курган ондогон адамдар нааразылык акциясына чыгышты. Өлкөнүн ар кайсы бөлүгүнөн келген адамдар ипотеканын баасы ашыкча кымбат экенине жана өз маалында төлөнбөй калган насыя үчүн банктар кыймылсыз мүлктү ээсинен тартып алганына көңүл бурушту.

Демонстранттар ачкачылык жарыялагандан 20 мүнөт өткөндөн кийин полиция келип, аларды жүктөп кетти. “Ипотекачылар” өткөн шейшемби күнү да Астанада чогулуп, 2007-2010-жылдардагы Казакстандагы финансылык кризиске чейин алынган кредиттер боюнча карыздарын кечүүнү талап кылышкан. Акциянын эки уюштуруучусу жана бир журналист уруксатсыз демонстрация өткөрдү деп, бир нече күнгө эркинен ажыратылган. Митингдин эки катышуучусуна айыппул салынган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG