Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:45

Орусияда эки имам экстремисттик идеяларды жайылтты деп соттолду


Новосибирск шаардык соту жергиликтүү университеттин профессору жана мечиттин имамы Илхом Меражовду, имам Комил Одиловду экстремиситтик көз караштарды пропаганда кылды деп айыптап, бир жылга эркинен ажыратты. Бул экөө быйыл февралда, түркиялык динаятчы Саид Нуринин идеяларын жайылткан деп айыпталып, камакка алынган болчу.

Саид Нури Орусияда 2007-жылы тыюу салынган “Нурчулар” кыймылынын негиздөөчүсү. Бийликтердин түшүндүрүшүнчө, "Нурчулар" Орусиянын эзелтен түрк тилдүү калктары жашаган аймактарында Ислам мамлекетин түзүүгө үгүттөшкөн. Меражов жана Одилов эч кандай күнөө жасабаганын айтышып, аппеляциялык сотко кайрыла турганын билдиришти.

XS
SM
MD
LG