Кумтөрдөн алтын казууга каршы митинг уюштуруучулардын бири Эрмек Жунушбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, жол талаптар аткарылмайынча ачылбайт.
Жол тоскондор Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча 2009-жылы түзүлгөн келишимди кайрадан карап чыгуу жана Жети-Өгүз районуна караштуу социалдык пакетке кире турган 13 талаптын бардыгы аткарылуусун талап кылышууда. Уюштуруучулардын айтымында, жол тосууга 500-600 киши чогулду.
Облустук администрациянын басма сөз кызматы жол тосулганын “Азаттыктын” кабарчысына тастыктаганы менен андагы элдин саны 200 чамалуу гана деп билдирди.(MK/ZKo)