Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

"Параграф" гезитинин баш редактору кармалды


Бишкекте "Параграф" гезитинин баш редактору Такен Молдокулов камакка алынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Деньги и власть" гезитинин баш редактору Турат Акимов кабарлады:
"Такен Молдокулов азыр убактылуу кармоочу жайда. Ага бир нече жыл мурдагы негиз менен иш козголгонун, муну кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырып жатканын айтууда. Себеби соңку мезгилде вице-премьер-министр Шамил Атахановго байланыштуу сын макалаларды жазган экен. Өзү соңку кезде адвокаттык иш менен да алектенип жүргөн", - деди Акимов.

Ички иштер министрлигинен "Азаттыкка" кабарлашкандай, Молдокуловдун кармалганы чын. Бүгүн эртең менен аны милициянын убактылуу кармоочу жайына камашты. Камоого анын 2010-жылы "Айылтехсервис" ишканасын жетектеп турганда чоң суммадагы акчага байланыштуу алдамчылык кылды деп шектелип жатканы себеп болгон. (ZKo/RK)

XS
SM
MD
LG