Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:22

Дары-дармектин арзандашы талап кылынат


Эртең, 29-майда Бишкекте айрым дары-дармектин арзандашына шарт түзүүнү талап кылган акция өтөт. "Партнердук түйүн" ассоциациясынын жетекчиси Мээрим Мураталиеванын айтымында, Жогорку Кеңеш алдында театрлаштырылган иш-чара уюуштурулуп, дары-дармекке байланыштуу патент мыйзамдарын жеңилдетүү талабы жазылган кайрылуу депутаттарга тапшырылат.

Жарандык коом өкүлдөрүнүн айтымында, вирустук гепатит, онкология, ВИЧ, кургак учук ооруларын дарылоо үчүн керектелчү дарылардын баасы өтө эле кымбат. Азыркы мыйзамга ылайык, пайданы андай дарыларды саткан фармокомпаниялар гана көрүүдө. Мисалы, гепатиттин С түрүнө кабылгандарды дарылоого 14 миң долларлык дары талап кылынаары айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG