Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:13

Грузия Түштүк Осетия менен чек арасына тикенек зым тартылышына камтама


Камтамачылыкты бүгүн грузин тышкы иштер министри билдирди. Расмий Тбилисинин маалыматына караганда, тикенек зымды Грузиянын Түштүк Осетия менен административдик чек арасына Орусия аскерлери тартууда жана алар бир кыштакта Грузиянын аймагына да кирип кетишкен.

Орусия Түштүк Осетияны көз карандысыз өлкө катары тааныса, Грузия аны өзүнүн бир бөлүгү катары санайт.

Грузин тышкы иштер министри Мая Панжикидзенин журналисттерге айтканына караганда, алар чек арадагы жагдай боюнча Орусияга расмий нота жолдомокчу.

Грузин министри бул маселени ушул аптада, чет элдик дипломаттар менен жолугушууда жана Грузиянын ажырап кеткен аймактары боюнча келерки аптада Женевада өтүүчү сүйлөшүүлөрдө көтөргөнү жатканын кошумчалады. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG