Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:44

АРИС Жалал-Абадда алты долбоор каржылайт


АРИС агенттиги Жалал-Абаддагы Тайгараев айыл өкмөтү менен аймактык төрт башкармалыктын социалдык долбоорлорун
бүтүрүүгө 500 миң доллар бөлө турган болду. Бул тууралуу аталган уюмдун өкүлү Максатбек Жумашев Жалал-Абадда өткөн жыйында билдирди. Анын айтымында, жыл башынан бери аталган аймактарда элдин жыйын-талкуулары өтүп, 157 көйгөй айтылып, АРИСтин тандоосуна 69 долбоор сунушталган.

Бөлүнгөн акчага эки аймактык башкармалыкка коомдук борбор, мектепке кошумча имарат жана балдар аянтчасы курулуп, бир көчөгө жарык берилет. Бала бакчанын чатыры алмаштырылып, спорт комплекске эмерек алынат.

АРИС уюму каржылаган долбоорлорго зарыл
каражаттын 5 пайызын коомчулук өзү топтоосу абзел. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG