Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Путин: ЖККУнун ролу маанилүү


Аймактагы коопсуздукту камсыз кылууда Жамааттык коопсуздук келишим уюму маанилүү рол ойнойт. Бул тууралуу бүгүн ЖККУнун Бишкектеги бейформал саммитинин ачылышында орус президенти Владимир Путин билдирди.

"Биз Ооганстандагы азыркы абалды жана кырдаалдын ыктымал өзгөрүшүнө байланыштуу коопсуздук чараларын талкуулайбыз", - деди Путин.

Орус президентинин айтымында, ЖККУнун ичиндеги аскердик кызматташтык дайыма тышкы саясый координация менен толукталып турат.

Бүгүн Бишкекте ЖККУнун бейформал саммити өтүп жатат. Ага казак, кыргыз, орус жана тажик президенттери катышууда. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG