Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:32

Нарын милициясынын мурунку жетекчиси кайра өз ордуна келди


Нарынбек Молдоисаев мындан эки жыл мурун ИИМдин коллегиясынын сунушу менен кызматтан алынган. Ал коллегия мыйзамсыз бошоткон деп сотко кайрылып, Жогорку Сот анын пайдасына чечим чыгарган.

Нарын облустук милиция башчысы Нарынбек Молдоисаев кайрадан кызматына ички иштер министринин буйругу менен дайындалган. Бул тууралуу министрдин орун басары Фуркат Үсөнов өздүк курам менен жолугушуудан кийин билдирди. Фуркат Үсөнов облустук милициянын алдына чогулган элге “мен министрдин тапшырмасы менен келдим. Баары мыйзам чегинде болушу керек. Жогорку Соттон чечим чыктыбы, аны биз аткарышыбыз керек”, – деп айтты.

Ал эми чогулган эл министрдин чечимине нааразылык билдирип, бүгүнкү күнгө чейин Нарын облустук ички иштер башкармалыгын жетектеп келген Таалай Нуралиевди ордунда калтыруу талабы менен ички иштер министрине кайрылуу жазышты. (TSh/ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG